Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчинин эки тараптуу жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстан менен Иран соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө макулдашты
Кыргызстан менен Ирандын тышкы иштер министрлери Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында Чолпон-Ата шаарында жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана аймактык маселелер талкууланды.

















