Кыргызстандын Эгемендик күнүнө арналган салтанаттар быйыл адаттагыдан кечирээк, 11-12-сентябрь күндөрү өтөт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин пресс-службасы тарабынан жарыяланды.
Негизги майрамдык иш-чаралар 35 жылдык маараке Талас шаарында уюштурулат. Бул аралыкта өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрүп, иштердин жогорку деңгээлде өткөрүлүшүн көзөмөлдөөнү тапшырды.
Иш-чаранын мөөнөтү август айынын аягына жана сентябрдын башына пландалган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү менен байланыштуу өзгөртүлгөн.
Айтымдарга караганда, 2026-жылы Эгемендик күнү 31-августта белгиленип, Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын салтанаттуу ачуу аземи жүргүзүлөт. Ошого байланыштуу негизги майрамды жылдыруу чечими кабыл алынган.
Облус жана шаар бийликтери майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү максатында бардык зарыл иштерди аткарууга милдеттендирилди.



