Кыргызстанда жана Россияда уюштурулуп жаткан «Центр-2026» деген биргелешкен тактикалык машыгуу башталды. Машыгууга 500гө жакын аскер кызматкери катышууда.

Машыгуу 11-августта Бишкектеги 20636 аскер бөлүгүнүн базасында ачылып, 17-августка чейин уланат.

Иш-чарада коргонуу министрликтеринин өкүлдөрү менен бирге Россиянын 201 аскер базасынын ордун басуучу командири Дмитрий Лакеев жана Балыкчы шаарынын администрациясынын жетекчиси Гульнара Кукеева катышты.

Машыгуунун алкагында 100дөн ашык аскердик техника, анын ичинде согуштук FPV-дрондор жана армия авиациясы пайдаланылууда.

Бул машыгуу эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын бекемдөө максатында өткөрүлүүдө.