Кыргызстан мектептеринде профильдүү окутуу программасы үч баскычта этап-этабына киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 2026-жылдын 23-июнундагы №894/1 буйругу менен маалымдады.
Профильдүү окуу максаты — окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн, кызыкчылыктарын эске алуу менен билим берүүнү дифференциялоо жана индивидуалдаштыруу. Ал ошондой эле мектепти бүтүргөндөн кийин кесиптик багытты тандоого жана жогорку окуу жайларына даярдоого шарт түзөт.
Биринчи этап — 2026–2027 окуу жылы
Бул жылы 8-класстарда предпрофильдүү даярдоо программасы киргизилет. 9-класстарда кесиптик колдонмо багыттагы профиль программалары апробациядан өтөт. Мектептер менен кесиптик билим берүүнүн баштапкы уюмдарынын ортосунда тармактык кызматташтык уюштурулат.
Экинчи этап — 2027–2028 окуу жылы
9-класстарда предпрофильдүү даярдоо программасы толук киргизилет. Ал эми 11-класстарда академиялык жана кесиптик колдонмо багыттагы профиль программалары иштей баштайт.
Үчүнчү этап — 2028–2029 окуу жылы
12-класстарда профилдүү окуу программаларынын академиялык жана кесиптик колдонмо түрлөрү киргизилет.
Мындан тышкары, предпрофильдүү даярдоону уюштуруунун методикалык сунуштамалары даярдалып, 2026-жылдын 11-августунда «Кут Билим» гезитинин №30 санына жарыяланды.







