Кыргызстан Россия өкмөтү менен ай сайын 100 миң тонна ГСМ жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев билдирди.

Амангельдиевдин айтымында, сүйлөшүүлөрдө бардык категориядагы ГСМ жүктөрүн алып келүү маселелери каралууда.

Бул келишим 2026-жылдын аягына чейин иштеп, өлкөнүн мунай-энергетика тармагындагы камсыздандырууну жакшыртууга багытталган.