Бул жылы Кыргызстанда вирус гепатиттерине текшерилгендердин саны дээрлик 500 миң кишиге жетти. Алардын ичинен В гепатитине 235 миңден көп, С гепатитине 234 миңден көп, ал эми Д гепатитине 20 миңден ашык адам текшерүүдөн өткөн.

Учурда дарыланып жаткан бейтаптардын саны төмөнкүчө: В гепатитинен 6 миң 229, В жана Д гепатиттеринин коинфекциясынан 3 миң 244, ал эми С гепатитинен 7 миң 541 адам дарыланууда. Дарылоо процессин ийгиликтүү аяктаган — 6 миң 573 адам.

Адистер В жана С вирус гепатиттери көп учурда симптомсуз өтүшү мүмкүн экенин эскертишет. Бирок эрте текшерүү жана дарылоо болбосо, бул оору боордун айрым оор ооруларына, анын ичинде цирроз жана ракка алып келиши мүмкүн.

Эрте диагноз коюу инфекцияны убагында дарылоого мүмкүнчүлүк берип, оорунун өнүгүшүн токтотууга жардам берет. Ар жыл сайын 28-июлда Дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнү белгиленет, ал көйгөйгө кайрылууну күчөтүү, профилактика чаралары боюнча элдин маалымдуулугун көтөрүү максатын көздөйт.

Кыргызстан 2030-жылга чейин вирус гепатиттерин коомдук саламаттыктын коркунучунан арылтуу максатында багыт алган. Мамлекет иммундештирүү, экспресс-тест алуу, дарылоо кызматтарын акысыз көрсөтүүдө.

Текшерүүлөрдүн статистикасы (2026-жылдын биринчи жарымы)

500 миңге жакынжалпы текшерилген адамдар
235 миңден көпВ гепатити текшерилгендер