Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана Кытайдагы China Southern Power Grid International компаниясынын өкүлдөрү Бишкекте жолугушуп, энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетикалык инфраструктураны жаңыртуу, электр тармактарын өнүктүрүү, санарип технологияларды киргизүү жана энергия сактоочу системаларды колдонуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки тарап натыйжалуу кызматташтыкты камсыздоого багытталган биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Аталган топ келечектеги техникалык жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгууга жооптуу болот.