Бишкекте Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммерция департаменти тарабынан уюштурулган «Кытай (Шаньдун провинциясы) – ШКУ өлкөлөрү» боюнча соода-экономикалык кызматташтык конференциясы болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиев катышып, шаардагы инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндама жасады.
Конференциянын башкы окуясы катары Бишкек шаарынын мэриясы менен Шаньдун провинциясынын Коммерция департаментинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бул документ соода-экономика, инвестиция, өндүрүш жааттарында эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды күчөтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү максатында түзүлгөн.
Ошондой эле, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү кытайлык мамлекеттик органдар менен ишкерлер менен жолугушуп, инвестиция тартуу, шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, өндүрүш жана санариптик технологиялар боюнча кызматташтык маселелерин талкуулашты.
















