Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер өркүндөп, саясий диалогдон сырткары соода, инвестиция, транспорт, энергетика, айыл чарба, технология жана билим берүү тармактарындагы иш жүзүндөгү долбоорлор активдешти.
Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын Кытай менен тышкы соодасынын көлөмү 2 млрд 9,6 млн АКШ долларына жетти. Кытай өлкөнүн эң ири соода өнөктөшү болуп, жалпы тышкы содого 32,1% үлүштү түзөт.
Соода көрсөткүчтөрү (январь-май 2026)
Кытай Кыргызстанга түз инвестицияларды киргизген өлкөлөрдүн катарында СНГден тышкары эң ири инвестор болуп эсептелет. 2026-жылдын биринчи чейрегинде түз инвестициялар 80,15 млн АКШ долларын түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 20,9% өскөн.
Бул инвестициялар тоо-кен жана өнөр жай тармактарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берүүдө. Ошондой эле кызматташтык улантып, транспорт-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, өндүрүштү жана экспортту арттыруу, энергетикалык потенциалды жогорулатуу, санарип технологияларды киргизүү жана кадрларды даярдоо жааттарында иш алып барылууда.












