Президент Садыр Жапаров билдиргендей, чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде кытайлык ишканалар, Кыргызстандын мыйзамдарын толугу менен сактоого, кыргыз элинин салт-санаасын жана маданиятын урматтоого, ошондой эле мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине ылайык иш жүргүзүүгө тийиш. Бул тууралуу мамлекет башчысы Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушууда айтты.
Кытай компаниялары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого милдеттүү — Президент Жапаров Кытайдын ТИМ башчысы менен жолугушууда
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван И менен жолугушууда бардык чет элдик компаниялар, анын ичинде кытай ишканалары Кыргызстандын мыйзамдарын так сакташы керектигин белгиледи. Ошондой эле ал бизнес жүргүзүүдө кыргыз элинин үрп-адаттарын жана маданиятын урматтоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.












