Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын жаңыртуу максатында республика боюнча 40тан ашык объект курулууда. Алардын ичинде эң ири долбоорлордун бири – жаңы медициналык комплекс.

Жаңы медициналык комплекс 34,5 миң чарчы метр аянтты ээлейт жана 3 млрд сомдук бюджетти талап кылат.

Комплексте 11 бөлүм иштейт жана жалпы 440 орундук уюштурулат.

Ошондой эле тез жардам максатында вертолет аянты жана айдоочулар үчүн паркингдер каралган.