Кыргызстанда күйүүчү майдын жаңы партиялары алыскы чет өлкөлөрдөн келе баштады. Бул тууралуу күйүүчү май соода ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди. Жалпы абал учурда татаал болуп жатканын ал баса белгиледи.

Азыр күйүүчү май негизинен Беларус, Азербайжан, Түркия жана Европанын бир өлкөсүнөн келип жатат. Ошол эле убакта Кытай жана Казакстан менен сүйлөшүүлөр уланууда. Бул мамлекеттер менен мамиле ийгиликтүү бүтүрүлөт деп үмүт кылынууда.