Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн эгилүүчү жерлеринин бир бөлүгү сугат астында жатат. Ошону менен бирге, адистер колдонууга мүмкүн болгон түз аймактардын акырындап азайып жатканын белгилешет.
Жер түрлөрүнүн бөлүштүрүлүшү
Иштетүүчү аймактардын жалпы көлөмү сугарылуучу жана сугарылбаган участотторго төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
Айыл чарба жерлеринин азайып кетүү коркунучу
Негизги көйгөй — өлкө аймагынын болжол менен 6% гана түзүүчү түз жерлердин жетишсиздиги, ал эми аянттын 94% тоолуу аймактарга туура келет. Калктын өсүшү жана турак жайлардын, ошондой эле заводдордун жана фабрикалардын активдүү курулушунундан улам, мындай жерлердин үлүшү жыл сайын азайып жатат.
Ведомство колдонуудагы сугат жерлерин сактап калуу өлкөнүн жер ресурстарын рационалдуу пайдалануу концепциясынын негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи.







