Бишкекте алты субдолбоорду ишке ашыруу боюнча гранттык келишимдерге расмий кол коюу аземи өттү. Бул долбоорлор Академиялык инновациялык фонддун биринчи айлампасынын жыйынтыгында тандалып алынды жана "Жогорку билимдин сапаты жана инновациясы" долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматы боюнча, сынактын биринчи айлампасында Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке менчик 38 жогорку окуу жайы катышкан. Жалпысынан 196 сунуш тапшырылып, алардын ичинен 59 концепция экинчи баскычка чыккан. Бир нече этаптуу тандоо — эксперттик баа берүү, техникалык кароо жана презентациялардын негизинде алты субдолбоордун финансылоосу бекитилген.

Гранттарды алган долбоорлор төрт жогорку окуу жайдан тандалган: Кыргыз улуттук университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана "Адам" университети. ОшТУ жана КМТУ экөө тең экиден субдолбоорду ишке ашырат, ал эми КУУ менен "Адам" университети бирден долбоорду жүзөгө ашырат.