Кыргызстанда азыр алтынды өз үйүңүздө сактоо зарылчылыгы жок. «Кыргызалтын» мерканталган алтын куймаларын Кыргыз фондулук биржасы аркылуу сатып алса болот.
Кыргыз фондулук биржасынын директорунун орун басары Мыктыбек Абировдун айтымында, алтын алуучулар брокер менен келишим түзүшү керек.
Сатып алынган алтынды «Кыргызалтын» компаниясынын сактоо жайында бир жылга чейин акысыз сактоого мүмкүнчүлүк берилет.
Ошондой эле алтынды сактоочу жайдан алуу зарылдыгы жок эле, каалаган учурда онлайн сатууга болот. Бул кызмат коопсуздук жагынан үйдө алтын сактоо коркунучун жоюуга жардам берет.




