Маалыматтык чакырыктардын өсүп жаткандыгына байланыштуу, Салкын Сарногоева «Кабар» агенттигине берген маегинде ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМК форумунда медиа коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Анын айтымында, форум тажрыйба алмашууга жана массалык маалымат каражаттарынын ишинде жаңы ыкмаларды издөөгө шарт түзөт. Ошондой эле министрдин орун басары ШКУ миллиарддаган аудиторияны бириктирерин жана бул потенциалды кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн колдонуу керектигин белгиледи.
Ал медиа кызматташтыгын өнүктүрүү ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн маанилүү багыттарынын бири болорун кошумчалады.





