Кыргызстан бийлиги электр унаалардын бажы төлөмсүз импорттук квотасын көбөйттү. Бул жыл ичинде өлкөгө кошумча 10 миң унаа киргизүүгө жол ачылды.
Бул кадам ички унаа рыногунда атаандаштыкка шарт түзүп, баалардын өзгөрүүсүнө себеп болоору болжолдонууда.
Мамлекет муну менен рыногдогу электр унаалардын санын көбөйтүп, экологиялык таза транспортту жайылтууну көздөөдө.
Импорттун көбөйүшү албетте, унаалардын баасынын төмөндөшүнө же алардын жеткиликтүүлүгүнүн жогорушуна алып келери күтүлүүдө.











