Кыргызстанда быйыл электромобилдерди чогултуу заводу ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу экономика министрлигинин орун басары Султан Ахматов билдирди.

Жаңы заводдун ишке кириши менен өлкөдө экологиялык таза унаалардын саны көбөйүп, импорттун ордун басуучу өндүрүштү жайылтуу пландалууда.

Долбоордун так убактысы жана технологиясы боюнча кошумча маалыматтар кийинчерээк жарыяланат.