Нарын шаарында Ак-Коргон жана Москва аймактарындагы 7 көчөдө сел терс натыйжаларын жоюу үчүн 10 миллион сомдук долбоор башталды. Бул тууралуу шаардын мэриясы маалымдады.

Мэр Жылдызбек Беккелдиев "Москва" жашоочу конушундагы Оттук көчөсүнүн тургундар менен жолугуп, жамгыр суулары тоо тараптан агып, селге байланышы бар көйгөйдүн көптөн бери чечилбей келгенин белгиледи. Ал сел коркунучу бар аймактарды өзгөчө иликтеп, аталган долбоорду "Тенир-Тоо" өнүктүрүү фондунун карамагына өткөргөнүн билдирди.

Ак-Коргон районундагы иш-чаралар

Ак-Коргон районунда 60 лет Октября, Тамчы-Булак, Чон-Таш жана Рыскулова көчөлөрүндө жамгыр жана кар эрип түшкөн суу агымдарын багыттоо үчүн лотоктор курулат. Мындан тышкары Рыскулова көчөсүнүн 60 лет Октября жана Тамчы-Булак көчөлөрү менен кесилишкен жерлеринде көп көлөмдөгү сууну өткөрүү үчүн суу өтүүчү кольцолор орнотулат.

Москва жашоочу конушундагы иштер

Москва конушундагы Оттук, Оттук-2 жана Тянь-Шань көчөлөрүнө тоодон жана турак жайлардан агып түшүүчү жамгыр сууларын өткөрүү үчүн арыктардын лотоктору салынат. Ошондой эле Оттук жана Оттук-2 көчөлөрүнүн Р. Заярко көчөсү менен кесилишкен жерлерине суу өтүүчү кольцолор орнотулат.

Мэр Жылдызбек Беккелдиев «Таза Нарын» муниципалдык ишканасына долбоорду ишке ашыруудан мурда ички жолдорду тегиздөөнү уюштуруу боюнча тапшырма берди.