Бүгүнкү күндө өлкөдө банк насыяларын алууда негизинен кыймылсыз мүлк жана материалдык баалуулуктар гана күрөөгө коюлат.

Иштелип чыккан жаңы мыйзам долбоорунун аркасы менен ишкерлер интеллектуалдык менчикке болгон өзгөчө укуктарды, ошондой эле ар кандай келишимдер боюнча талап укуктарын да күрөөгө коё алышат.

Бул өзгөрүү IT-компаниялар, инновациялык ишканалар жана креативдүү экономиканын өкүлдөрү сыяктуу тармактардагы бизнес үчүн каржылык ресурстарга жетүүнү жеңилдетүү максатында жасалууда.