Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата мектептердин базалык окуу пландарын бекитти. Бул өзгөртүүлөр 11 жылдык билим берүү системасы менен иштеген мектептерге, ошондой эле 12 жылдык билим берүү моделине бара-бара өтүп жаткан класстарга тиешелүү.
Министрликтин маалыматы боюнча, 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи баскычында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстардагы окуу процесси жаңыртылган билим берүү программалары жана жаңы окуу материалдары менен жүргүзүлөт.
Жаңы окуу жылынан баштап 8-класстарга баштапкы кесиптик компонент киргизилет. Ал жумасына эки сааттык окуу жүктөмүн түзөт.
Ошол эле учурда 3, 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык мектеп системасы үчүн иштелип чыккан билим берүү программалары жана окуу материалдары боюнча окууну улантышат. Буга 3-9-класстар үчүн англис тили окуу китептери гана өзгөчөлүк болот.
Өлкөдө пландаштырылган ири улуттук жана эл аралык иш-чараларга байланыштуу бардык жалпы билим берүүчү мектептерде жаңы окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.
Окуу жылынын узактыгы (жайкы каникулдарды кошпогондо)



