31-июлда Бишкекте Улуттук квалификация кеңешинин жыйыны өткөрүлүп, анда кесиптик стандарттарды жаңылоо жана квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү маселелери каралды.
Жыйынды социалдык блок боюнча өкмөттүн орун басары Улан Маматканов жетектеп, анда мамлекеттик органдар, жумуш берүүчүлөр, профсоюздар жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын негизги темалары улуттук квалификация системасын өнүктүрүү, тармактык квалификация чегин түзүү, кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана алардын методологиясын өзгөртүү болду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков кесиптик квалификация тутумун өркүндөтүү таланты бар адистерди даярдоого, адамдык капиталдын сапатын жогорулатууга шарт түзөөрүн белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында квалификациялык системаны өркүндөтүү, кесиптик стандарттарды жаңылоо жана мамлекеттик органдар менен жумуш берүүчүлөр, билим берүү тутумунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө макулдашылды.















