2026-жылдын 29-июлунда Министрлик базасында Европа Биримдигинин DARYA долбоорунун өкүлдөрү жана Кыргызстандык билим берүү жетекчилери башталгыч кесиптик билим берүүнүн өнүгүүсү боюнча приоритеттерди аныктоо максатында онлайн жолугушуу уюштурушту.
Жолугушууга билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гулзат Исаматова, билим берүү министринин орун басары Виктория Мозгачёва жана долбоордун өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кесиптик лицейлерде практикалык сабактардын көлөмүн көбөйтүү, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуучу жумуштарды күчөтүү, окутуу методикаларын жаңылоо жана заманбап ыкмаларды киргизүү багытында милдеттер аныкталды.
Ошондой эле, сентябрь айында өтүүчү кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча улуттук семинарга даярдык көрүү маселелери каралды. Бул иш-чарада стандарттарды иштеп чыгуу боюнча адистерди окутуу пландалууда.
Катышуучулар DARYA долбоорунун ортономолот натыйжаларын белгилеп, кесиптик лицейлерде SCAFFOLD методологиясы колдонулуп жатканын, эми бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу мониторинг системасы жана кесиптик компетенциялардын көз карандысыз баалоо тутуму өнүгүп жатканын билдиришти.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты улантууга даяр экенин ырасташты.



