Wildberries компаниясы өз кампаларын Россиядан Казакстанга көчүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Бул чечим Украинанын чабуулдарына байланыштуу болуп жаткандыгы маалым болду.
Саясий чөйрөдөгү бир булак Wildberries кампаларынын Казакстанга көчүрүлүшү товарлардын наркын көтөрүшү мүмкүн экенин DW басылмасына айтып берди.
Анын айтымында, бул учурда аталган вариант азырынча гипотеза түрүндө каралып жатат жана Казакстан бийлиги расмий билдирүү жасаган жок.
Буга чейин орус маалымат каражаттары Wildberries компаниясы кампаларын Казакстанга көчүрүп жатканын кабарлашкан, бирок Казакстан тарап андай маалымат расмий түрдө жок экенин билдирген.













