Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы №369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Бул долбоор мамлекеттик субсидияларды берүү механизмин жакшыртууну көздөйт.

Учурдагы токтомдо субсидиялар үчүн күйүүчү-майлоочу майларды сатып алуунун туруктуу баалары «Турксиб» жана «Сары-Агач» темир жол станцияларына жеткирүүгө гана тиешелүү. Жеткирүү булактарынын кеңейишине байланыштуу, үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды импорттоодо да туруктуу бааларды белгилөө каралууда. Бул нефть азыктарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, нефть азыктары рыногундагы абал эске алынып, туруктуу баалардын өлчөмдөрүн жаңыртуу сунушталууда. Долбоор ошондой эле токтомдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу тиешелүү товарларды өткөрүүгө уруксат берилген бардык өткөрүү пункттарына жайылтылышын камтыйт.

Мындан тышкары, субсидиялардын өлчөмүн аныктоо тартиби жана транспорттук чыгымдарды тастыктаган документтердин тизмеси такталат. Бул тизмеге ташуу келишимдери, эсеп-фактуралар (инвойстор), транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү төлөгөндүгүн тастыктаган банктык документтер, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоону тастыктаган документтер кирет.