Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Бишкек шаарында жолугушту.
Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары Си Цзиньпиндин визитин жана темир жол долбоорун талкуулашты
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бишкек шаарында жолугушту. Жолугушууда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин алдыдагы мамлекеттик визитинин деталдары, ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулуш маселеси талкууланды. Тараптар ошондой эле Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүү боюнча пикир алмашышты.



















