Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, шаарда Кытай жарандарына каршы мыйзамсыз митинг өткөрүүгө чакырыктардын алдын алынды. Бул чакырыктарды социалдык тармактар аркылуу тараткан адам кармалган.

ШИИБден билдиришкендей, Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз массалык иш-чара уюштурууга үндөгөн аракеттер токтотулду. Учурда кармалган жаранга карата мыйзам чегинде иштер жүргүзүлүүдө.