2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияларды индексациялоого Пенсиялык фонддун каражаттарынан 4,4 миллиард сом каралган. Президенттин администрациясы алдыдагы жогорулатуунун жаңы чоо-жайын маалымдады.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1,2 коэффициенти менен, башкача айтканда, 20 пайызга индексациялоо пландалууда. Кошумча төлөм кеминде 1 миң, бирок 10 миң сомдон ашпайт.

Пенсиялык төлөмдөрдүн көрсөткүчтөрү

12 898сом - индексациядан кийинки орточо пенсия
1 753сом - орточо кошумча төлөм
≈16пайыз - азыркы төлөмгө салыштырмалуу өсүш
1 000сом - минималдуу кошумча
10 000сом - максималдуу кошумча
832,4 миңпенсионер - 1-октябрга карата КРда болжолдуу

Индексациянын эсептелген коэффициенти 2025-жылдагы орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын өсүшүнө негизделген 1,13тү түзгөн. Бирок Социалдык фонддун бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аны 1,2ге чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-октябрдан тарта минималдык пенсия 7 миң 100 сомдон 8 миң 800 сомго чейин көбөйөрүн билдирген. Ал учурда индексациянын чоо-жайы, анын ичинде наркы жана орточо жогорулоо өлчөмү так айтылган эмес.