Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги менен өткөн аппараттык кеңешмеде пенсияларды индексациялоо жана билим берүү тармагындагы даярдык маселелери талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жана минималдык пенсияны 8 800 сомго көбөйтүү пландалып жатканы айтылды.

Пенсиянын индексациясынын негизги көрсөткүчтөрү

20%индексация коэффициенти
141%жалпы пенсиялар үчүн өсүү
12 898 соморта эсептеги пенсия
1 753 соморток көбөйүү суммасы

Өкмөт башчынын билдирүүсүндө, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга жогорулайт. Пенсиянын орточо көлөмү 12 898 сомго жетет. Жогоруда белгиленген индексациянын аркасында пенсиялардын орточо өсүшү 1 753 сомду түзөт.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге индексациянын эсептеп чыгылышы, каржылоосу жана пенсияларды өз убагында төлөп берүү иштерин уюштуруу тапшырылды. Ошондой эле калкка кеңири түшүндүрүү жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

Кеңешменин дагы бир маанилүү темасы – республиканын бардык аймактарындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына толук даярдыгын тактоо болду. Өкмөт башчы мектептердин абалын өзгөчө көзөмөлдөөгө тапшырма берди.