Жаш адистерди жумушка орноштуруу жана мектептерде пенсия курагындагы мугалимдердин иши маселеси Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон сапарынан кийин талкуулоо предметине айланды. Ал жерден курактуу педагогдор жаңы кадрларга орун бошото албай жаткандыгы тууралуу даттануулар угулду.
Кадрлардын жетишсиздиги жана статистика
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, айрым региондордо мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөндөн кийин жумуш орундары үчүн атаандаштык пайда болгон. Ошону менен бирге, өлкө масштабүндө педагогикалык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда.
Педагогикалык курамдын абалы
Кадрлардын жетишсиздиги Бишкек жана Чүй облусунда эң курч сезилет. Негизинен математика, физика, тарых, орус тили жана информатика боюнча адистер талап кылынууда.
Мыйзамдардагы мүмкүн болгон өзгөртүүлөр
Президент Садыр Жапаров бул маселенин укуктук аспектисин изилдөө тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаштарды жумушка орноштурууну камсыз кылуу үчүн Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025/2026 окуу жылында өлкөнүн жогорку окуу жайлары 10 миңден ашык жаңы педагогду бүтүрөт.












