Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, Өзгөн шаарында кафенин администраторун сабаган жаран кармалды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Милициянын маалыматына ылайык, окуядан кийин "Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, кафенин кардары аял-администраторду сабап жаткан видео буга чейин социалдык тармактарда тарап, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Кийинчерээк жабырлануучу милицияга кайрылганы белгилүү болгон.


