Рынок көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат Бишкек шаарында санариптик экономикага, блокчейн-индустрияга, жасалма интеллектке жана финтехке арналган форумдун жүрүшүндө берилди.

Рыноктун динамикасы жана катышуучулардын саны

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкөдөгү виртуалдык активдер рыногу туруктуу динамиканы көрсөтүүдө. Салыштыруу үчүн, 2024-жылы жөнгө салынуучу жүгүртүүнүн көлөмү 923 млрд сомду түзгөн болсо, 2025-жылы ал 2,7 трлн сомго (болжол менен $31 млрд) чейин өскөн.

жөнгө салынуучу жүгүртүүнүн көлөмү923 млрд сом2,7 трлн сом −100%

Учурда республикада криптобиржалар жана криптообменниктер киретген виртуалдык активдердин 194 лицензияланган кызмат көрсөтүүчүсү иш алып барат.

Жөнгө салуунун артыкчылыктуу багыттары

Нурлан Жумалиев 2026-жылдын май айында түзүлгөн Президенттин алдындагы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттигинин ишмердүүлүгү үч негизги багытка багытталганын белгиледи: ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана рыноктун коопсуздугун жана ачыктыгын камсыз кылуу.

Артыкчылыктуу милдеттердин катарында ведомство стейблкоиндерди өнүктүрүүнү жана санариптик сомду киргизүү маселелери боюнча Кыргызстандын Улуттук банкы менен өз ара аракеттенүүнү бөлүп көрсөтөт.

  1. май 2025

    Виртуалдык активдер чөйрөсүн жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү

  2. май 2026

    Президенттин алдындагы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик түзүлдү