Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда транспорт каражатын мас абалында башкарган 1500дөн ашык айдоочу аныкталганын билдирди. Бул көрсөткүч жаңы мыйзамдар күчүнө киргенден кийинки биринчи айдын ичинде катталган.
Мас абалында унаа башкаруу үчүн жазаны катаалдаштыруу чаралары 2026-жылдын 20-июнунан тарта киргизилген. Мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, мындай укук бузуу үчүн айып пул салуу жана транспорт каражаттарын башкаруу укугунан эки жылга ажыратуу каралган.
Nomad басылмасынын маалыматына караганда, мындай мыйзам бузуу үчүн айдоочуга 80 миң сом айып пул салынат. Эгерде мас айдоочунун күнөөсү менен жол кырсыгында адамдар каза болсо, ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 12 жылга чейин транспорт башкаруу укугунан ажыратылышы мүмкүн.











