Кыргызстанда эттин баасынын көтөрүлүшүнүн себептери жана мамлекет бааны качан жөнгө сала алары тууралуу маселелер коомчулукта кызуу талкууланууда. Ошондой эле өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр менен болгон макулдашуулар продукциянын баасын кармап турууга канчалык деңгээлде жардам берери дагы маанилүү суроолордун бири.
Бул суроолорго Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын анализ, отчеттуулук жана ЕАЭБ менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Оксана Горянова 24.kg басылмасына берген маегинде жооп берди.




