Кыргызстандын дзюдочулары Иорданияда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында эки күмүш жана эки коло, жалпысынан төрт медаль жеңип алышты.
20 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнир 18-19-июлда Амман шаарында болуп өттү.
Мелдеште эркектер жана аялдар арасында 14 комплект медаль ойнотулуп, алар үчүн Кыргызстандан 17 спортчу катышты.
Данияр Мелисов менен Жанар Жолдошева финалга чыгып, күмүш медаль жеңишсе, Даут Полтушев менен Илья Сахинин коло медалга ээ болушту.





