Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун билдирүүсүнө ылайык, кыргызстандыктардын 76,2%ы кыймылсыз жашоо образын алып барат. Бул көрсөткүч олуттуу оорулардын өнүгүү тобокелдигин жогорулатат.
Физикалык активдүүлүк ден соолукка кандай таасир этет?
Физикалык активдүүлүктүн бардык түрлөрү ден соолукка оң таасир этет:
- кан басымын нормалдаштырат;
- ашыкча салмакты азайтууга жардам берет;
- жүрөк-кан тамыр системасын машыктырат;
- кандагы холестерин менен канттын деңгээлин нормалдаштырат.
Бул гипертония, инсульт, жүрөктүн ишемиялык оорусу, диабет жана онкологиялык оорулардын өнүгүү коркунучун азайтат.
Сунушталган активдүүлүк нормалары
Балдар жана өспүрүмдөр (6-17 жаш): Күнүнө жалпысынан 1 саат орточо жана интенсивдүү физикалык активдүүлүк менен машыгышы керек. Бир сааттан ашык жүк ден соолукка кошумча пайда алып келет.
Чоңдор (18-64 жаш): Жумасына кеминде 2 саат 30 мүнөт орточо интенсивдүүлүктөгү физикалык активдүүлүк менен, же жогорку интенсивдүүлүктө — жумасына кеминде 1 саат 15 мүнөт машыгышы зарыл. Ар бир көнүгүү кеминде 10 мүнөткө созулушу керек.
65 жаштан жогорку чоңдор: Ден соолугунун абалы жана мүмкүнчүлүктөрү канчалык жол берсе, ошончолук физикалык жактан активдүү болушу керек.
Орточо физикалык активдүүлүккө төмөнкүлөр кирет: ылдам басуу, тепкич менен чыгуу, бакчада жана огороддо иштөө, бийлер, балдар менен активдүү оюндар, үйдөгү жумуштар, талаа жумуштары, салмагы 20 кг ашпаган буюмдарды ташуу.
Интенсивдүү физикалык активдүүлүккө төмөнкүлөр кирет: чуркоо, өтө ылдам басуу, велосипедди тез айдоо, короодогу оор жумуштар (отун жаруу, ж.б.).





