Кыргызстандык футболчу Медина Нурлан кызы Түркстан шаарынын «Томирис-Туран» клубунун курамына кошулду. Буга чейин ал «Азиягол» клубунда ойногон.

20-июлда Медина Нурлан кызы жаңы клубу үчүн «Кайсар» командасына каршы оюнда (3:2) дебют жасады. Ал талаага 63-мүнөттө чыгып, бир нече секунддан кийин анын командасы гол киргизип, эсепти 2:2 кылды.

«Томирис-Туран» клубунда жаңы сезондун башынан бери Кыргызстандын курама командасынан Кенжебүбү Ырысбек кызы менен Бактыгүль Токтоболотова да ойноп жатышат.

Ошондой эле Казакстан чемпионатында бир нече кыргызстандык спортчулар бар. Алардын арасында Айжан Боронбекова («Актобе»), Дилнура Абибулла кызы (БИИК) жана Айтурган Курманбекова («Шахтер») бар.