Кыргызстандык ырчы Нурдоолот Деркембаев эл аралык «Славян базары» фестивалында лауреат болуп, «Витебск-2026» эстрада ырларынын конкурсуна катышып, үчүнчү орунду ээледи.
Фестиваль Беларусьте жыл сайын өткөрүлөт жана бул иреткү иш-чарага 19 өлкөнүн ырчылары катышты.
«Золотая лира» гран-приин Италиядан келген Рози Альфано (Soraya) утуп алса, биринчи орунду Казакстандык Акерке Амалят, экинчи орунду Молдова жана Беларусия өкүлдөрү бөлүштү.
Нурдоолот Деркембаев менен бирге үчүнчү орунга Грузиядан Важа Гаделия жетишти.
Ошондой эле кичинекей аткаруучулар арасындагы музыкалык конкурста дагы бир кыргызстандык — Алимхан Муратов дипломант аталды.



