Кыргызстандык үч акын — Ырысгүл Изатова, Максат Жангазиев жана Мелис Маматжанов — Азербайжандын Шуша шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын Вагиф атындагы эл аралык фестивалынын лауреаттары болуп таанылды.

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чарага Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Түркмөнстандан жаш адабиятчылар келишкен.

Билдирүүдө белгиленгендей, мындай жолугушуулар түрк дүйнөсүнүн жаш өкүлдөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө жана адабий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.