Министрлер Кабинетинин башчысы 2025-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана кийинки мезгилдерге карата бюджеттик долбоорлорду сунуштап, негизги экономикалык багыттарды белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11,1%ды түзгөн, ал эми 2026-жылдын алгачкы 10 айында бул көрсөткүч 10,5% деңгээлинде катталган.
ИДПнын динамикасы жана жашоо деңгээли
Прогноздорго ылайык, 2026-жылы калк башына эсептегендеги ИДП $3 600 түзөт. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы бул көрсөткүч 22,5%га өсүп, $3 080 түзгөн. Номиналдык түрдө 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы 2 трлн 353 млрд сомду түзөт деп күтүлүүдө.
Негизги экономикалык көрсөткүчтөр
Инвестициялар жана эмгек рыногу
Негизги капиталга болгон инвестициялар олуттуу өсүштү көрсөтүүдө. 2026-жылдын 10 айында алар 62,9%га көбөйүп, 422,9 млрд сомду түздү. Ошону менен бирге, өлкөдө жаңы жумуш орундары түзүлүүдө.
Калктын иш менен камсыз болушу
Бюджет жана мамлекеттик карыз
2025-жылы консолидацияланган бюджет 709 млрд сомдук планга караганда 1,104 трлн сом деңгээлинде аткарылды. Кирешелер 673,2 млрд сомду, чыгымдар 620,7 млрд сомду түздү, бул 50,4 млрд сом өлчөмүндөгү профицитти камсыз кылды. Ошондой эле мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 2020-жылдагы 63,6%дан 39,5%га чейин төмөндөгөнү белгиленди.
- S&P, Fitch жана Moody's агенттиктери Кыргызстанга туруктуу прогноз менен B+, B жана B2 суверенддик кредиттик рейтингдерин берди.
- МВФдин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстан экономикалык өсүш темпи боюнча дүйнөдөгү төрт мамлекеттин катарына кирди.











