Министрлер Кабинетинин 2027–2031-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунда Кыргызстандын экономикасы 2026-жылы 8,7% өсөт деп айтылат.
Болжол боюнча, номиналдык ИДП 2,4 триллион сомго (27 миллиард доллар) жетиши керек.
ИДПнын өсүшүнө эң чоң салымды тейлөө чөйрөсү (4,2 пайыздык пункт) жана курулуш сектору (2,0 пайыздык пункт) кошот. Ошондой эле, экономикалык өсүшкө продукцияга жана импортко болгон таза салыктар (1,2 п.п.), өнөр жай (0,93 п.п.) жана айыл чарбасы (0,3 п.п.) тармактары да салым кошот деп күтүлүүдө.
Буга чейин, Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИДПсы 11,1% өскөн.



