Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүз айылында бетон аралаштыруу станциясын жана анын ташты майдалагыч станциясын куруу үчүн тендер жарыяланды.
Тендер Жол чарбасы департаменти тарабынан быйыл уюштурулуп, долбоорлоо, өндүрүү, жабдуу, монтаждоо жана пуско-наладка иштерин камтыйт.
Бул иштерге жалпы 35 миллион сом бөлүнүп, ага байланыштуу бардык сунуштар 28-июлга чейин кабыл алынат.
Департамент мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер тууралуу бардык маалыматтар жеткиликтүү экендигин маалымдады.











