Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жыйынында социалдык маселелер боюнча актуалдуу бир катар маселелер каралды.
Премьер-министр Адылбек Касымалиев пенсияларды индексациялоо жыйынтыктарынын негизинде пенсия төлөмдөрүн өз убагында уюштуруу керектигин белгиледи.
Ошондой эле жыйынга катышуучулар билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдык абалын талкуулашты жана пенсияларды жогорулатуу маселелери каралды.








