Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун жыйындарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселесин коомдук саламаттык сактоонун башкы көйгөйлөрүнүн бири катары карап чыгууну сунуш кылды.

Жол кырсыктары дүйнө жүзү боюнча жыл сайын болжол менен 1,2 миллион адамдын өмүрүн алып, көптөгөн адамдар оор жаракат алышат. Айрыкча 5тен 29 жашка чейинки жаштар жана балдар арасында жол кырсыктары өлүмдүн негизги себептеринин бири бойдон калууда.

Дамир Осмонов белгилегендей, Кыргызстандын тоолуу аймактары жана алыстык айрым айылдарын эске алганда, «алтын саат» принципи боюнча тез жардам көрсөтүү маанилүү.

Министр жол кырсыктарына байланыштуу жапа чеккендерге медициналык жардамды өз учурунда көрсөтүү үчүн тез жардам кызматынын заманбап курал-жабдуулар менен жабдылышын жана медициналык мекемелердин даярдыгын күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле, өлкөдө маалыматтарды бириктирген бирдиктүү санариптик экосистеманы түзүү жана кырсыктарды азайтуу максатында ар кандай секторлор аралык иш алып баруу маанилүү экени айтылды.

Жыйындын уюштуруучулары - Жан Тодт жана Эл аралык Тынчтык Институту – жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүү багытында көптөгөн өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга шарт түздү.