Астрахан мамлекеттик университети Россотрудничествонин колдоосу менен заманбап технологияларды үйрөтүүгө багытталган акысыз интенсивди уюштурууда. Иш-чаранын негизги максаты — окуучуларга жана педагогдорго жасалма интеллектти жана робототехниканы колдонуунун сырларын ачуу.
Программада эмнелер бар?
- робототехникалык экспонаттардын көргөзмөсү
- луноходды чогултуу жана программалоо боюнча мастер-класстар
- промпт-инжиниринг жана жасалма интеллект менен иштөө боюнча интерактивдүү сабактар
- Россиядагы жогорку окуу жайлары менен таанышуу
Мугалимдер үчүн мүмкүнчүлүктөр
Педагогдор үчүн квалификацияны жогорулатуу максатында оозеки жана аралыктан окутуу курстары каралган. Аралыктан окутуу процесси 23-ноябрдан башталат. Ийгиликтүү тапшырган мугалимдер атайын үлгүдөгү документтерди алышат.
Иш-чаранын графиги
- 7–9-декабрь
Ош шаарында (Ош мамлекеттик университетинин базасында)
- 10, 11 жана 14-декабрь
Манас шаарында (Жалал-Абад мамлекеттик университетинин базасында)
- 15–17-декабрь
Кызыл-Кыя шаарында (Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун базасында)









