Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин катышуусунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу учурунда, ШКУ мамлекет башчыларынын келе жаткан отуруму жана «ШКУ плюс» форматындагы жолугушуу Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын кульминациясы болоруна ишенимин билдирди.

Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны жана «ШКУ плюс» форматындагы жолугушуу Кыргызстандын төрагалыгынын туу чокусу болоруна эч кандай шегим жок. Бул уюмдун өнүгүшүнүн жаңы этабын ачып, ШКУнун алдында турган милдеттерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттерибизге кошумча динамика берет.