Баткен облусунда 40 күндүк «Биримдик кербени» улуттук жүрүшү расмий түрдө башталды. Бул иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлүүдө.

Долбоордун алгачкы иш-чарасы Лейлек районунун Тоо жайлоосундагы Шооваз ыйык булагынан суу чогултуу аземи болду. Салттуу жөрөлгө кыргыздын улуттук үрп-адаттары жана көчмөн маданиятынын элементтери менен коштолду.

Азем учурунда Шооваз булагынан алынган ыйык суу Лейлек районунан тандалып алынган он атчанга салтанаттуу түрдө тапшырылды. Алар 25-июлда Раззаков шаарынан 40 күндүк улуттук сапарга аттанып, өлкөнүн аймактарын кыдырып чыгышат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов катышып, жергиликтүү элди долбоордун башталышы менен куттуктап, катышуучуларга ийгиликтүү жол каалады.

Ыйык булактардан алынган суу элибизге бакубатчылык, жерибизге тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү алып келсин.
Мамыржан Рахимов, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

«Биримдик кербени» долбоорунун башкы максаты — кыргыз элинин биримдигин чыңдоо, анын тарыхын, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, улуттук салт-санааларын жана маданий мурастарын кеңири жайылтуу.

Долбоордун өзгөчөлүгү — Кыргызстандын 40 районунан чогултулган ыйык суулар өзүнчө салттуу көөкөрлөргө салынат. Ар бир райондон жүрүшкө 10дон атчан катышып, жалпысынан 400 катышуучу сууну өлкө аймагына жеткирет.