Маалыматтарга караганда, Замирбек Орозбаевди Ички иштер министрлигинин Тергөө башкы башкармалыгынын (ИИМ ТББ) кызматкерлери Бишкек шаарында эртең менен кармап, учак менен Ош шаарына алып келишкен. Учурда ал түштүк борбордун убактылуу кармоочу жайында (СИЗО) жатат, баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилүүдө.

Кармоо алдын ала маалыматтар боюнча, алданган үлүшчүлөргө жана кредиттик каражаттарды чыгарып кетүүгө байланыштуу бир нече кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Замирбек Орозбаев «Визион Групп» компаниясын жетектеп турган мезгилде үлүштүк катышуу келишимдеринин көбү түзүлгөн. Ошондой эле бүтпөгөн турак жай комплекстери коммерциялык банктарга күрөөгө коюлуп, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) 8,1 миллион доллар өлчөмүндө насыя алынган.

Аудит документтери жана үлүшчүлөрдүн билдирүүлөрү боюнча, алынган каражаттар Баткен облусундагы «Халмион Пром» заводуна жумшалган. Ошол эле учурда Ош шаарындагы турак үйлөрдүн курулушу толугу менен токтоп калган.

Бул кармоо Ош мэриясында 10-июлда өткөн тегерек столдон так эки жума өткөндөн кийин болду. Ал тегерек столдо 1 миң 680 үй-бүлө алданган үлүшчүлөр компаниянын мурдагы жетекчилигинин жазасыз калганын айтып, тынчтык акцияларын өткөрүү менен коркутушкан.