Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы алдамчылар жарандардын акчасын же жеке маалыматтарын алуу максатында салык кызматынын кызматкерлери катары көрсөтүшү мүмкүн экендиги тууралуу эскертет.
Алдамчылар кандай аракет кылышат жана ушундай билдирүү келсе эмне кылуу керек
Алдамчылар адамдар менен телефон же мессенджерлер аркылуу байланышып, карыз же айып пул бар деп билдириши мүмкүн. Алар шашылыш төлөөнү талап кылышы, атүгүл төлөө үчүн QR-коддору бар МСК атынан жасалма каттарды жөнөтүшү мүмкүн.
Карыз тууралуу маалыматты кантип текшерүү керек
Эгер сизге аткарылбаган салык милдеттенмелери, карыз тууралуу айтылып, ар кандай санкциялар менен коркутушса, тынчтыкты сактоо жана талаптарды дароо аткарбоо зарыл. Маалыматты салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу же түздөн-түз салык органына кайрылуу менен текшерүү керек. Мындан тышкары, sti.gov.kg расмий сайтынын «Байланыштар» бөлүмүндө көрсөтүлгөн номерлер боюнча МСКга телефон чалууга болот.
- Шектүү шилтемелерге өтпөңүз
- Сырсөздөрдү, ырастоо коддорун жана банк карталарынын маалыматтарын билдирбеңиз
- Белгисиз адамдарга акча которбоңуз
- Маалыматты расмий порталдар жана сайттар аркылуу гана текшериңиз
















