Кыргызстандагы «Түндүк» акционердик коомунун атайын билдирүүсүнө ылайык, акыркы кезде шылуундар уюмдун аты менен байланышып, жарандардан жеке маалыматтарды талап кылышууда.

Уюмдун өкүлдөрү мындай маалыматтарды сурап кайрылуу жасоону катуу тыюу салат. Алар эч качан ПИН-коддорду, сырсөздөрдү же паспорттордун маалыматын телефон аркылуу сурабайт.

Эгерде сизге уюмдун атынан мындай чалуу жасалса же билдирүү келсе, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, суралган жеке маалыматтарды бербөө сунушталат.

«Түндүк» уюмуна байланышууну каалагандар, расмий телефон номуру аркылуу же электрондук почта аркылуу кайрылса болот. Расмий байланыш номерлери: 0990 988 123, 0707 988 123, 0222 988 123; электрондук почта: contactcenter@tunduk.gov.kg.